Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркиянын ТИМи: Кыргыз Республикасында президенттик шайлоо  тынч кырдаалда өткөнүнө кубанычтабыз

"Шайлоонун жана референдумдун жыйынтыктары бир тууган Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн кетишин каалайбыз"

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанда өткөн кезексиз президенттик шайлоо жана референдумга байланыштуу билдирүү жасады.

«2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда өткөрүлгөн кезексиз президенттик шайлоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум  тынч кырдаалда өткөндүгүн көрүп, биз кубандык.

Президенттик шайлоонун жана референдумдун жыйынтыгы боордош жана достук мамиледеги Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн кетишин каалайбыз.

Түркия ар тараптуу жана социалдык консенсуска негизделген Кыргызстандагы демократиялык процессти аяктоо боюнча ташталган кадамдарды колдойт ”, - деп айтылат Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

КРнын ТИМинин Маалымат департаменти
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх