Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Владимир Путин Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

"Сиздин мамлекет башындагы ишмердүүлүгүңүз орус-кыргыз байланыштарынын бардык спектрин мындан ары өркүндөтүүгө өбөлгө болот деп ишенем"

Россиянын Президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду Кыргызстандагы президенттик шайлоодогу алдын-ала жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу "Кремлдин" сайтында маалымдалды.

Куттуктоонун толук тексти:

«Урматтуу Садыр Нургожоевич,

Сиздин Президент болуп шайланганыңызга байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз.
Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мүнөзгө ээ. Россия менен Кыргызстан ар кандай тармактарда жемиштүү кызматташуунун, ЕврАзЭС, ЖККУ, КМШ жана ШКУнун алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенүүнүн бай тажрыйбасын топтошту.

Сиздин мамлекет башчысы катары ишмердүүлүгүңүз орус-кыргыз байланыштарынын бардык спектрин мындан ары өркүндөтүүгө өбөлгө болот деп ишенем. Бул, албетте, биздин дос элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына жооп берет, Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо менен дал келет.
Сизге ийгилик, ошондой эле чың ден-соолук жана бакубат жашоо каалайм ".

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх