УКМК: генерал-полковник Валерий Верчагин дүйнөдөн кайтты (сүрөт)
Кыргыз ССРинин МККнын ыкчам кызматкери катары өзүнүн жолун баштап, КРнын Улуттук коопсуздук министринин биринчи орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн
Бүгүн Москва шаарында 74 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министринин мурунку биринчи орун басары, генерал-полковник Валерий Иванович Верчагин көз жумду.
Верчагин 1972-жылдан 2000-жылга чейин Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарында иштеген. Жолун Кыргыз ССРинин МККнын опер кызматкери кызматынан баштап, ал Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министринин биринчи орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн.
УКМКнын жетекчилиги, ардагерлери жана өздүк курамы генерал-полковник Верчагиндин үй-бүлөсүнө жана жакындарына орду толгус жоготууга байланыштуу чын жүрөктөн көңүл айтышат.
УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www