Балбак Түлөбаев: Биз Жапаровдун өкүлдөрүнө 500дөн ашык көрүүчүнүн катышуусунда концерт өткөрбөөнү сунуштадык
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу муниципалитет концерттин уюштуруучуларына карата кандай чаралар көрүлөрүн жакын арада чечээрин айтты
Бишкек шаардык мэриясы Садыр Жапаровдун жактоочуларына президенттик шайлоодогу жеңишине байланыштуу 500дөн ашуун адамдын катышуусунда концерт уюштуруудан баш тартууну сунуштады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.
"Концерттин уюштуруучулары өз талапкери Садыр Жапаровдун жеңишинин урматына концерт өткөрүүгө уруксат сурашты", - деп түшүндүрдү Түлөбаев. - Биз макул болдук. Андан кийин биз 500дөн ашык кишинин катышуусунда концерт өткөрбөөнү жана санитардык нормаларды сактоосун сурандык. Баары аткарылат деп убада беришкен.
Бирок окуя болгон жерден Vesti.kgнин кабарчысы билдиргендей, аянтта 1000ден ашуун адам бар, ал эми көптөгөн көрүүчүлөр беткапсыз жүрүшөт.
Түлөбаев иш-чара аяктагандан кийин мэрия текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында уюштуруучуларга тиешелүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.
Эске салсак, бир күн мурун Садыр Жапаровдун жактоочулары концерт үчүн "Ала Тоо" аянтына музыкалык жабдыктарды орното башташкан. Бирок, айрым маалыматтарга караганда, ал адамдардын саны аз болгондуктан жокко чыгарылган. Бүгүн, 11-январда эле Жапаровдун тарапташтары жергиликтүү өнөрпоздордун катышуусунда концерт өткөрүүнү чечишти.
Элдос Казыбеков
Сүрөт Vesti.kg