Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Эгер мен туура эмес жолго түшүп кетсем, мага жардам бергиле". Садыр Жапаров аянтта эл менен сүйлөштү

Президенттик жарыштын лидери Кыргызстанда диктатура болбойт деп ишендирди

Бүгүн Ала-Тоо аянтында президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун жеңишинин урматына концерт өттү. Миңден ашуун анын күйөрмандары чогулуп, ага Жапаров  чыгып сөз сүйлөдү.

 "Шайлоодон кийин биз ар дайым туура адамдар бийликке келет деп күтүп, өлкөдө тартип орнойт деп үмүттөндүк, бирок элдин көңүлү барган сайын калып жатты", - деди Жапаров. - Бүгүн, силедин жардамыңардын аркасында мен бийликке келдим. Ага чейин оппозиция менин келиши менен өлкөдө диктатура орнойт деп айткан, бирок андай болбойт. Бийликтин жана акыйкаттыктын гана диктатурасы болот.

 

Президенттикке талапкер, жарышта чоң айырмачылык менен бара жатып, күтүлбөгөн жерден туура жолдон чыгып кетсе, элдин жардамына үмүт артарын билдирди.

 

"Эгер мен туура эмес жолго түшүп калсам, мага жардам бергиле" деп сурады Садыр Жапаров. - Мындан ары биз башка бийликтегилердей болуп кеңседе өзүбүздү жаппайбыз. Мындан ары бардыгы ачык-айкын болот. Мындан ары эл биз менен болгон маанилүү жолугушууларга катышат, көчөдө өз пикирин кыйкырып турбайт.

 

Мираим Алмаспек кызы

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх