Александр Лукашенко Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
Беларуссиянын Президенти Кыргызстандын жаңы лидеринин ишмердүүлүгү коомдогу биримдикти жана ынтымакты чыңдоого өбөлгө болот деп ишенет
Беларуссиянын Президенти Александр Лукашенко Садыр Жапаровду Кыргызстандагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.
«Сиздин ушул жогорку мамлекеттик кызматтагы ишмердүүлүгүңүз коомдогу биримдикти жана ынтымакты чыңдоого, суверендүү Кыргызстандын социалдык туруктуулугун жана туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылууга салым кошот деп ишенем. Беларуссия, кызыкдар жана жоопкерчиликтүү өнөктөш бойдон кала берип, эки тараптуу негизде дагы, интеграциялык форматта дагы өз ара пайдалуу кызматташууну тереңдетүүгө даяр. Сизге чың ден-соолук, бакубатчылык, кыргыз элинин гүлдөп өсүшү үчүн алдыга койгон максаттарыңызга жетүүдө ийгиликтерди каалайм », - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
КРнын Президентинин кызмат ордуна талапкер Садыр Жапаровдун
Шайлоо алдындагы штабдын басма сөз кызматы
сүрөт www