Венгриянын премьер-министри Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
Виктор Орбан Кыргызстандын жаңы Президентине ийгилик жана чың ден-соолук каалады
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Садыр Жапаровду Кыргызстандагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.
«Биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөргөнүбүзгө кубанычтамын. Акыркы жылдарда өнүгүп келе жаткан Венгрия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык мындан ары да өз ара урматтоонун негизинде өнүгө берет деп ишенем.
Венгрия өкмөтү мындан ары дагы өз ара кызматташуубузду тереңдетүү жана Түрк Кеңешиндеги биргелешкен ишибиздин ийгилиги боюнча иш алып барат деп ишендирем. Жооптуу ишиңизде ийгилик жана бекем ден-соолук каалайм ”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
КРные Президентинин кызмат ордуна талапкер Садыр Жапаровдун
Шайлоо алдындагы штабдын басма сөз кызматы
сүрөт www