Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубанычбек Жумалиевдин адвокаты: Менин кардарым Жапыкеевге миллион доллар сунуштаганы бул куру сөз

"ЭККМКнын башчысы жалган маалымат таратууну улантууда"

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеевге акча сунуштаган жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына саясатчынын жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо кызматкерлери анын кардарынын күнөөсүн далилдей алган жок.

- Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы Жапыкеев тергөө ишине кийлигишип жаткандыгын өз көрсөтмөлөрү менен көрсөттү, - деп эсептейт Жумашев. - Ал тергөө иштерине кирбейт. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексине ылайык, тергөө иштери тергөө органдарынан бөлүнгөн. Жапыкеев бул маселеге кызыгып жаткандыгын көрсөтөт. Алар өз версияларынын бир дагы далилин таба алышкан жок. Жумалиев Жапыкеевге бир тыйын сунуш кылган жок, бул принципиалдуу маселе.

Мындан тышкары, адвокат декабрдын аягында Каржы полициясы менен байланышы бар деп, Жумалиевди опузалап талап кылган адам кармалгандыгын кошумчалады.

Айта кетсек, 2021-жылы 10-январда Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев Фейсбуктагы түз эфир учурунда “ушул күндөрдүн биринде” парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиев кармалат деп айткан. Анын үстүнө Жапыкеевдин айтымында, ал ишти жашыруу үчүн ага миллион доллар сунуштаган.

Эске салсак, Сыймык Жапыкеев Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы болуп дайындалганга чейин Жумалиевди бир нече жолу коррупцияга аралашкан деп айыптаган.

Элдос Казыбеков

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх