Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ленин райондук билим берүү борборуна жаңы директор дайындалды

Буга чейин Бүбүажар Мамбетсеитова социалдык өнүгүү бөлүмүн жетектеп келген

Ленин районунун аймактык билим берүү борборунда кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 30-беренесине ылайык, муниципалдык кызматкерлердин потенциалын сарамжалдуу пайдалануу максатында, Ленин райондук социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Бүбүажар Мамбетсеитова Ленин районунун райондук билим берүү борборунун директору кызматына которулду.

Жаңы директорду Ленин районунун райондук билим берүү борборунун эмгек жамаатына Ленин районунун акими Чыныбаев тааныштырды.

Белгилей кетсек, Бүбүажар Бейшебаевна социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы болуп 2014-жылдан бери иштеп келе жатат.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх