Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сеид Атамбаев: Мен мамлекеттик башкарууну тандоодо атамдын саясаттагы тажрыйбасына карабастан аны менен кеңешкен эмесмин

Мурунку президенттин уулу референдумда кандай башкаруу формасына добуш бергенин айтып берди

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев Vesti.kg сайтына 10-январдагы референдумда кандай башкаруу формасына добуш бергенин айтып берди.

"Мен башкаруунун парламенттик формасын колдойм" деди ал. - Парламентаризм - бул демократиянын өнүгүшүндөгү фундаменталдык факторлордун бири, ал жерде пикирлердин плюрализми басымдуулук кылат жана бийликтин бардык бутактарынын тең салмактуулугу сакталат, ошондой эле тең салмактуулуктун натыйжалуулугу өлкөнүн өнүгүшүнө шарт түзөт.

Экс-мамлекет башчынын уулу дагы Алмазбек Атамбаев тажрыйбалуу саясатчы экендигине карабастан, атасынын кеңешин колдонбогонун мойнуна алды.

"Алмазбек Атамбаев тажрыйбалуу саясатчы жана менин насаатчым болгонуна карабастан, мен референдумда өзүмдүн тандоомду аныктап жатканда, башкача айтканда, башкаруу формасын тандоодо анын кеңештерин колдонгон жокмун", - деп улантты ал. - Бул маселе боюнча атам экөөбүздүн бир добуштан экенибизге терең ишенем.

Сеид Атамбаев президенттикке талапкерлердин кимисине өз добушун берди деген суроого жообунун сыр бойдон калуусун чечти.


Мирайым Алмаспек кызы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх