Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктар электр энергиясына болгон төлөмдөрдү почта аркылуу төлөй албай калышты

"Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы менен "Түндүк электр" ААКнын ортосундагы келишим аяктады

14-январдан баштап "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы менен "Түндүк электр" ААКнын ортосунда түзүлгөн келишимдин мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын бардык почта бөлүмдөрүндө электр энергиясына төлөмдөрдү кабыл алуу токтоп турат. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Эми электр энергиясына болгон төлөмдөрдү төлөй аласыз:

- Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, БТА Банк, MegaСom төлөм терминалдары аркылуу;
- UMAI, "Элсом" электрондук капчыктары аркылуу, Айыл Банктын, Дос-Кредобанктын, БТА Банктын, Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАНнын кассаларында;
- Бишкек, Чүй жана Талас облустарындагы «Түндүк электр» ААКнын электр энергиясын сатуу кызматтарынын кассаларында.

Комиссиясыз төлөмдөр MegaCom компаниясынын сатуу жана тейлөө борборлорунда, MegaPay электрондук капчыгы жана MegaCom терминалдары аркылуу кабыл алынат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх