Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Роза Отунбаева: Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында КРнын эгемендүүлүгүнүн 30-жылы чоң өзгөрүүлөрдүн жылы болот

Өткөөл мезгилдин экс-президенти жаңы мамлекет башчысын шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Өткөөл мезгилдин экс-президенти Роза Отунбаева Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

«Сизди Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна шайланышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Сиз бул кызматка өлкө оор социалдык-экономикалык кризисти башынан өткөрүп жаткан маалда келип жатасыз. Өткөн шайлоонун жыйынтыгы адамдардын келечекке болгон үмүтү жана ишеними сизден көз каранды экендигин айкын көрсөттү. Сиз добуштардын басымдуу көпчүлүгүн алдыңыз. Алдыда татаал реформалар күтүп турат. Ар бирибиз өткөөл мезгилдин кыйынчылыктарын түшүнүп, колдосок гана ийгиликке жетебиз деп терең ишенем.

Сиз коомдун бардык күчтөрүн бир максатка жетүү үчүн бириктирип, бир багытта бара баштайсыз деп ишенем, жана Сиздин жетекчилигиңизде Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн отузунчу жылы чоң өзгөрүүлөрдүн жылы болот ”, - деп айтылат өзүнүн куттуктоосунда.

Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх