Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК чек арачыга пара берүүгө аракет кылган чет элдик жаранды кармады (сүрөт)

Ал жергиликтүү тургундун ортомчулук кызматы аркылуу расмий өткөрүү пунктунан тышкары коңшу мамлекеттин аймагына мыйзамсыз өткөндүгү үчүн акча сунуш кылган

Бүгүн 15-январда УКМКнын кызматкерлери мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Чек ара кызматы менен биргеликте, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кызмат адамына пара берип жатканда, чет мамлекеттик 1983-жылы туулган жараны Г.С. жана анын шериги 1986-жылы туулган К.А.ны кармашкан.

Кармалган адам Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерине жергиликтүү тургун К.А.нын ортомчулук кызматы аркылуу кошуна мамлекеттин аймагына расмий өткөрүү пунктунан тышкары мыйзамсыз өткөндүгү үчүн акча сунуш кылгандыгы аныкталды.

 

Бул факт боюнча сотко чейинки процесстин материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесине ылайык КЖБРдин АСке катталды. Кармалгандар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх