Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кийинки жылы эле кыргызстандыктар пенсиясын ЕАЭБдин каалаган өлкөсүндө, иштеген жерине карабастан ала алышат

Биримдик өлкөлөрүнүн ортосунда кол коюлган келишим күчүнө кирди

Эми ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары биримдиктин кайсы өлкөсүндө жашап жаткандыгына карабастан, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен пенсия ала алышат. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн билдиришинче, Евразия экономикалык биримдигинин мамлекеттеринин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу боюнча келишим күчүнө кирди. Пенсия туруктуу жашаган өлкөдө дагы, пенсия дайындалган өлкөдө дагы төлөнүшү мүмкүн.

Мындан тышкары, майыптыгы боюнча пенсия дайындоо үчүн медициналык текшерүүдөн өткөрүү маселеси чечилип, келишим күчүнө киргенге чейин жана андан кийин иштеген мезгилдери үчүн пенсияларды дайындоо жана төлөө тартибин аныктоочу өткөөл жоболор белгиленди.

"Евразиялык" пенсияны алуу үчүн талап кылынган минималдуу эмгек стажы келишим күчүнө кирген күндөн тартып 12 айды түзөт. Ушуга ылайык, 2022-жылдын январь айынан баштап, төлөмдөрдү алуу үчүн кайрылган жумушчулар пенсия алуу жана анын келип түшкөн абалын алуу үчүн компетенттүү органдарга кайрыла алышат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх