Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын ИИМи Ички иликтөө кызматы түзүлгөндүгүнүн 29 жылдыгын белгилөөдө

Бул милиция бөлүмү өзүнүн кесиптештери менен кылмыштар жана мыйзам бузуулар менен күрөшүп келет

2021-жылдын 19-январь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде Ички иликтөө кызматынын түзүлгөндүгүнүн 29 жылдыгына арналган салтанатуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери жана чакырылган коноктор катышты.


ИИМдин Ички иликтөө кызматынын максаты жана тапшырмасы болуп кызматтык милдеттерин аткарууга байланышкан ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, алардын жакындарынын өмүрүнө, ден соолугуна коркунучтар жаралган учурда мамлекеттик жактан коргоолуусун уюштуруу, ички иштер органдарына укукка каршы аракеттерди жасоо максатында келүүлөргө бөгөт коюу, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жана жумушчуларынын укукка каршы аракеттерин аныктоо, ага бөгөт коюу, аларды жасоого түрткөн шарттарды аныктоо жана жоюу эсептелет.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлерин кызматын татыктуу өтөгөндөрү үчүн ыраазычылыгын билдирип, кесиптик майрамы менен куттуктады.


“Эң башкысы Сиздерден талап кылынат-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактап, жарандардан дагы аны аткарууну талап кылуу. Кыргыз Республикасынын ИИМдин өздүк курамынын атынан жалпыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Сиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай, бейкуттук жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм. Мыйзамдын ишенимдүү сакчылары деген ардактуу наам Сиздерге кесиптик оор тапшырмаларды чечүүдө күч-кубат берет деген ишеничтемин”,-деди куттуктоо сөзүндө Улан Ниязбеков.
Андан соң ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлерине салтанаттуу түрдө сыйлыктарды тапшыруу аземи болду.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх