Конокбай Миназаров "Бишкекасфальтсервис" МИсынын жаңы башкы инженери болду
Тиешелүү буйрукка Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду
Бүгүн Бишкек шаарынын турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Жамалбек Ырсалиев "Бишкасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын жаңы башкы инженери Конокбай Миназаровдун командасын тааныштырды.
Конокбай Мукашович 1995-жылдан бери жол куруу аянтчасында иштейт, ал жөнөкөй мастер болуп иштей баштаган, 2010-2019-жылдар аралыгында борбордук мэриянын «Сыноочу жол лабораториясын» жетектеген.
Кызматка дайындоо буйругуна убактылуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.
Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз