Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда жаңы шаар пайда болот

Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

Кечээ, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө” мыйзам долбоорун карашты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунда Базар-Коргон шаарын административдик-аймактык бирдик катары Базар-Коргон айыл аймагынын базасында түзүү сунушталат.

Базар-Коргон шаарын түзүү үчүн сунуш кылынган аймак айыл статусуна ээ болбогон беш айылды жана алты конушту бириктирет, аларда 12 424 короо, 58 842 адам жашайт.

Жаңы шаарды башкаруу мэрияга жана шаардык кеңештин аппаратына жүктөлөт.

Эки  кызматкерлеринин жылдык эмгек акы фондусу эки айылдын Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн аппаратын тейлөөгө караганда аз болору белгиленди. Башкаруунун жаңы формасына өтүү боюнча бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх