Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Садыр Жапаров билген эмес." Жаңы президент ошол күнү инаугурацияга 10 миллион сом сарптоого жана жолду тосууга тыюу салды

«Ал жөн гана филармонияга барып, ант берип эле кетет. Баардыгы жөнөкөй болот "

Садыр Жапаров инаугурациянын урматына репетициялар өтүп жаткандыгын жана салтанатка 10 миллион сом сарпталаарын билген эмес. Бул тууралуу Мекенчил партиясынын мүчөсү Адинай Марипова Instagram социалдык тармагындагы баракчасына билдирди.

 

Инаугурация күнү резиденциядан баштап филармонияга чейинки жолду жабууга тыюу салды. 10 миллион сомдук чыгымга да каршы экенин билдирди. Инаугурация күнү жолдор жабылбайт. 10 миллион сомдук чыгым болбойт. Инаугурация жөнөкөй эле өтөт. Филармониянын алдынан эле залга кирет, ант берет, кайра чыгып кетет. Андан сырткары Президент болгондон кийин баарынан ГАИнин коштоосун алып, жол жапканды токтотот. Ал бул маалымат Садыр Жапаровдон жеке алынгандыгын тактады.

Vesti.kg сайтынын редакциясы президенттик администрациянын басма сөз кызматына комментарий сурады.

- Азырынча так маалымат бере албайм, - деди басма сөз кызматынын өкүлү Галина Байтерек. - Мен ушул кырдаал жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн жолугушууга бара жатам. Баары белгилүү болгондон кийин, мен сизге кабарлайм.

Белгилей кетсек, кечээ Бишкекте Садыр Жапаровдун инаугурациясынын репетициясы өттү. Жолдун жабылышынан улам пайда болгон унаа тыгыны элди нааразы кылды. Элдин нааразычылыгын мамлекет башчынын инаугурациясына 10 миллион сом сарптала тургандыгы да себеп болгон.

Мираим Алмаспек кызы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх