Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин маалымат катчысы: Россия Садыр Жапаровду кабыл алууга даяр эмес деген туура эмес

Россия тарап КРнын Президентинин иш сапары менен алектенип жаткандыгы белгиленди

Президент Садыр Жапаровдун биринчи иш сапары Россия Федерациясына болот. Бирок айрым социалдык тармактарда Орусия Кыргыз Республикасынын башчысын кабыл алууга даяр эмес имиш деген маалымат тарады. Буга байланыштуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Галина Байтерек орус тарап Жапаровдун иш сапарынын датасы жана мазмунунун үстүнөн иштеп жаткандыгын билдирди.

«Жаңы шайланган президент Садыр Жапаров биринчи чет элдик иш сапарын Россия Федерациясына жасоого ниеттенүүдө. Бул багыттагы иштер азыртан эле жүрүп жатат. Алдыдагы иш сапардын даталары жана мазмуну Россия тарап менен биргеликте иштелип жатат. "Россия Садыр Жапаровду кабыл алууга даяр эмес окшойт" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Мен өз кезегимде коомчулукту мындай чагымчыл басылмаларга ишенбөөгө, расмий ырасталган маалыматтарга гана ишенүүгө үндөгүм келет », - деди ал.

Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх