Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аалы Карашев эмне үчүн Дастан Бекешевге өзүнүн жеке мыйзам долбоору жакпай калгандыгын түшүнгөн жок

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды окутуу жөнүндө мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр киргизилет. Бул өлкөдөгү экономикалык кырдаалга байланыштуу

Бүгүн депутат Дастан Бекешев тарабынан демилгеленген “Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды окутуу жөнүндө” мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр каралып жатат. Бекешев өзү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.

Депутат Аалы Карашев кесиптешин мыйзамды өзү демилгелегени жана өзү түзөтүүлөрдү киргизгендиги үчүн жемеледи.

-Биз мыйзам долбоорун колдойбуз. Бирок сиз өзүңүз сунуштап, өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалайсыз. Эмне себептен түшүндүрүңүз? - деди Карашев.

Дастан Бекешев буга республиканын экономикалык абалы байланыштуу деп жооп берди.

-Кыргызстандагы экономикалык кырдаалга байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү суранам. Өлкөдө акча жетишсиз, ошондуктан ал мыйзам долбоорундагы айрым пункттарды алып салууну сунуштады, - деп түшүндүрдү эл өкүлү.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх