Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эльвира Сурабалдиева калкты активдүү жашоо образын жайылтууга үндөдү

Вице-премьер-министрдин м.а жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин коллегиясына катышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коллегиялык кеңешмесине катышты.

«COVID-19 пандемиясы жашоонун көптөгөн тармактарына, анын ичинде спорт тармагына да жагымсыз кесепеттерин тийгизди. Пландаштырылган көптөгөн эл аралык турнирлер 2021-жылга жылдырылып, аймактардагы миңдеген массалык түрдөгү спорттук иш-чаралар жана спорттук мектептердин иши токтотулду. Пандемияга карабастан, биздин спортчулар Сербия Республикасындагы спорттук күрөш боюнча Дүйнөлүк кубокко катышуу жыйынтыгында мыкты натыйжаларды көрсөтө алды. Агенттиктин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары калк арасында активдүү жашоо мүнөзүн, спорт жана дене тарбиясы менен машыгууну жайылтуу иши болуусу тийиш. Бул маселе өзгөчө пандемия мезгилинде абдан маанилүү. Үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз алдына бир катар маанилүү милдеттерди койду. Тактап айтканда, 2021-жыл мамлекеттик органдар тарабынан социалдык тармактагы амбициялык пландарды жана милдеттерди ишке ашыруу жылы болот», - деди ал.

Вице-премьер-министрдин м.а. жаштар демилгесин, жаштар борборлорунун ишин колдоого багытталган долбоорлор боюнча сапаттуу иш жүргүзүлүшү маанилүү экендигин белгиледи.

Эльвира Сурабалдиева Токио (Япония) шаарында өтүүчү Олимпиадалык жана Параолимпиадалык оюндарга жана Түркия Республикасындагы IV Көчмөндөр оюндарына спортчулардын сапаттуу даярдыгын жүргүзүү, спортчулардын денинин сактыгына көңүл буруу, допингге каршы туруу иштерин улантуу, спорт тармагындагы инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик-жеке долбоорлорду иштеп чыгуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Коллегиялык кеңешменинин жыйынтыгы боюнча ошондой эле волонтердук ишти колдоого алууга багытталган тийиштүү ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу, жаштар иши боюнча кеңештин ишин жандандыруу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

КРнын Өкмөтүнүн маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх