Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Аэрофлот" Москва-Бишкек каттамдарын токтотту

Чектөөлөр апрелдин аягына чейин күчүндө болот

Россиялык "Аэрофлот" авиакомпаниясы коронавирустук пандемияга байланыштуу чектөөлөрдүн уланып жаткандыгына байланыштуу бир катар эл аралык каттамдарды токтотту. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Анын ичинде Москва-Бишкек каттамдары 28-марттан 30-апрелге чейин токтотулган.

“Авиакомпаниянын сайтында же байланыш борборунда билет сатып алган, токтотулган рейстердин жүргүнчүлөрүнө авиабилеттер автоматтык түрдө кайтарылып берилет. Аэрофлоттун сатуу кеңселеринен же агенттиктеринен авиабилеттерди сатып алган жүргүнчүлөр акчаны кайтарып берүү маселеси боюнча сатып алган жерине кайрылышсын », - деп айтылат билдирүүдө.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх