Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин инаугурациясына кимдер келди? (Сүрөт)

Салтанатка Өмүрбек Бабанов, Мелис Мырзакматов, Темир Сариев, Искендер Матраимов, Элмурза Сатыбалдиев жана башкалар катышууда

Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын Чоң залында Президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына коноктор чогула баштады.

Мамлекет башчынын инаугурация салтанатына депутаттар, өкмөт мүчөлөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери чакырылган. Мындан тышкары, инаугурацияга экс-президенттикке талапкерлер чакырылган.

Иш-чарага Өмүрбек Бабанов, Бабыржан Толбаев, Темир Сариев, Мелис Мырзакматов, Мелис Турганбаев, Искендер Матраимов, Элмурза Сатыбалдиев, Роза Отунбаева жана башкалар катышууда.



Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Садыр Жапаровго президенттин күбөлүгү, президенттик штандарт жана мамлекет башчыга өзүнчө даярдалган төш белги тапшырылат.

Буга чейин президенттик администрациянын басма сөз кызматы салтанаттуу бөлүктөн кийин Садыр Жапаров өкмөттүн имаратына барарын, ал жакта аны кеңсеге чейин узатышаарын билдирген. Эскерте кетсек, буга чейин президенттин кеңсеси Ак үйдө болсо, эми мамлекет башчысы өкмөт үйүндө отурат.

Гладис Темирчиева,
Вероника Малышева
фото Vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх