Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Илим Карыпбеков: Инаугурация жөнөкөй өттү. Кемчилик издей турган эч нерсе жок

КТРКнын мурунку башкы директору президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы боюнча өз оюн билдирди

Инаугурация жөнөкөй өттү, нааразы боло турган эч нерсе жок. Мындай пикирин КТРКнын мурунку башкы директору Илим Карыпбеков Twitter социалдык тармагындагы баракчасында бөлүштү.


- Инаугурация жөнөкөй,  одоно каталарсыз, аша чапкандык болгон жок, шаан-шөкөтсүз өттү, - деп жазган ал. - Кемчилик издей турган эч нерсе жок. Жалпысынан алганда, анын президенттик мөөнөтү да ушундай маанайда өтүп, кызмат мөөнөтүнүн аягына чейин отурганын каалайм, бул маанилүү!


Белгилей кетсек, иш-чаранын репетициясы президенттин инаугурациясынын алдында болгон. Уюштуруучулар мамлекет башчы шаарды кортеж менен кантип айланып өтөрүн репетиция кылышкан. Ушул себептен шаардын көчөлөрүндө унаа тыгыны пайда болуп, элдин кыжырына тийген.


Андан кийин Карыпбеков репетиция аркылуу Садыр Жапаровдун кандай чөйрөдө экендигин аныктоого болот деп жазган.


- Бүгүн инаугурациянын репетициясы менен анын кандай өтөөрү эле эмес, президент кандай чөйрөдө болору, алар өлкөнү кандай башкарары жана бийлик адамдарга кандай мамиледе болору азыртан эле белгилүү болуп калды. Садыр Жапаровдун алгачкы кадамдарынын бири дароо эле популярдуу эмес, керексиз, коомду кыжырдантуу менен башталды.


Мираим Алмаспек кызы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх