Исхак Масалиев: Камчыбек Жолдошбаевдин “месага” деген жаңсоосу - бул ЖКнын элге болгон мамилеси
Экс-депутат резонанс жараткан окуя жөнөкөй жарандар менен мамлекеттик кызматкерлердин ортосунда өсүп жаткан ажырымды көрсөтөт деп эсептейт
Мурунку парламентарий Исхак Масалиев Фейсбуктагы баракчасында парламенттин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин терезесинен адепсиз ишаратын көрсөткөн аракетин сынга алды.
Эскерте кетсек, кечээ Instagram тармагында депутат Камчыбек Жолдошбаевдин катышуусунда видео тараган. Видеодо жаран Жолдошбаевден өзүнүн депутаттык күбөлүгүн көрсөтүүсүн суранат, ага элдин кызматкери алгач күбөлүктү көрсөтүп, андан кийин колун көрсөтүп, "ме сага" деген .
Масалиевдин айтымында, депутаттардын элге болгон мамилеси ушундай. Элдин бардык талаптарына парламентарийлер дагы "ме сага!" деп жоголот.
Мирайым Алмаспек кызы
фото www