Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Антонио Гутерриш Садыр Жапаровго: БУУнун туруктуу колдоосуна ишендирүүгө уруксат этиңиз

Эл аралык уюмдун башчысы КРнын жаңы Президентин кызматына киришүүсү менен куттуктады

БУУнын Башкы катчысы Антонио Гутерриш Садыр Жапаровду КРнын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады.«Сизге жаңы милдеттериңизди аткарууда ийгиликтерди каалаймын. Кыргыз Республикасы БУУнун далилденген жана ишенимдүү өнөктөшү болуп саналат. Сиздин жетекчилигиңиз менен биздин кызматташтык 2020-жылдын ноябрь айында жарыяланган БУУ менен Кыргыз Республикасынын Биргелешкен Билдирүүсүнө ылайык мындан ары да бекемделе берет деген ишеничтемин. Учурда, татаал глобалдык көйгөйлөр болуп турган кезде, БУУнун Уставында белгиленген баалуулуктарды жана идеалдарды мындан ары жайылтууда, ошондой эле COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө Сиздин колдооңузга ишенемин.

Буга байланыштуу, Сиздин бүтүндөй калктын, алардын ичинде аялдардын, жаштардын жана бардык улуттардын өкүлдөрүнүн муктаждыктарына жооп берген жана үмүттөрүн актаган саясий, экономикалык жана социалдык реформаларды жасоого болгон умтулууңузду кубаттаймын.

БУУ тарабынан, анын ичинде Борбордук Азия үчүн превентивдик дипломатиянын регионалдык борбору аркылуу Сизге колдоо көрсөтүлөрүнө ишендирүүгө уруксат этиңиз», — деп белгиленет БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриштин куттуктоосунда.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх