Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ангела Меркель Садыр Жапаровду кызматка киришүүсү менен куттуктады

Германиянын канцлери Кыргызстандын Президентине күч кубат, ден-соолук жана маселелерди чечүүдө ийгилик каалады

Германия Федеративдик Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркел Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады.

«Биздин өлкөлөр көп жылдардан бери достук мамилелерди түзүп келишкен, биз аны улантып, тереңдетүүнү каалайбыз. Германия келечекте дагы сиздин өлкөңүздү, атап айтканда экономикалык өнүгүү жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган реформалар жаатында колдой берет. Сиздин алдыңызда турган маанилүү маселелерди чечүүдө сизге күч-кубат, ден-соолук жана жеңилдик каалайм ”, - деп айтылат Ангела Меркелдин куттуктоосунда.


Президенттик аппараттын маалымат кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх