Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Стамбулдан учуп келген учак аба ырайына байланыштуу Бишкекке коно алган жок

Рейс кошумча Алматы аэропортуна багытталды

Бүгүн эртең менен аба ырайына байланыштуу "Стамбул-Бишкек" каттамы боюнча учуу эл аралык "Манас" аэропортуна коно албай, Алматанын кошумча аэропортуна багытталды.

Ошол эле учурда Алматы-Бишкек аба каттамынын учуусу 2021-жылдын 30-январында саат 00: 45ке белгиленген.

Авиакомпания бул каттам менен Бишкекке учкан бардык жүргүнчүлөр тамак-аш жана мейманкана менен камсыздалгандыгын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу кырдаалды көзөмөлдөп, бул маселени көзөмөлдөп турат.

КРнын ТИМинин Маалымат департаменти
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх