Алмамбет Шыкмаматов президенттик администрация башчысынын инвестиция боюнча орун басарлыгына дайындалабы?
Экс-депутат өзү азырынча бул маалыматка комментарий бере элек
Алмамбет Шыкмаматов президенттин администрация башчысынын инвестиция маселелери боюнча орун басары кызматын ээлеши мүмкүн. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өз булактары кабарлашты.
Белгилүү болгондой, жакын арада Жогорку Кеңеш анын талапкерлигин карайт.
Ал арада Vesti.kg сайты Шыкмаматов менен өзү байланышты, бирок экс-парламент депутаты комментарий берүүдөн баш тартууну чечти.
Элдос Казыбеков
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз