Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Кыргызстан менен Казакстандын жетекчилери эмне жөнүндө сүйлөшүштү?
Бүгүн, 1-февралда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Телефондук баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары аймактык кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, коронавирус инфекциясы пандемиясынын жайылышына каршы күрөшүү, ошондой эле соода-экономикалык жана транспорттук-транзиттик чөйрөлөрдө кызматташууну өнүктүрүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.
Президент Садыр Жапаров кыргыз-казак союздаштык мамилелерин жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары дагы чыңдоого бар күч-аракетин жумшаарына ишендирди.
Президенттик аппараттын маалымат кызматы
фото www