Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда Коргоо министрлиги кайрадан пайда болот

Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, министрлик Коргоо иштери боюнча МКнин жана ККнын Башкы штабынын базасында түзүлөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын мындан ары өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүгүн жана 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

— Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын базасында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигин түзүү максатка ылайык деп эсептелсин;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды кабыл алуу сунушталсын.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх