Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын АКСи: "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасына бюджеттик каражаттар кайтарылды

Мамлекеттик ишкананын кызматкерлери ишкерлер менен тил табышып, мазут жеткирүү үчүн финансылык документтерди ойдон чыгарган

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы отун-энергетикалык комплексиндеги коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында “Кыргыз жылуулук энерго” мамлекеттик ишканасынын филиалдарынын муктаждыктары үчүн күйүүчү май менен камсыздоонун коррупциялык схемасын түздү. 

Ошентип, "Кыргызжылуулуку энерго" мамлекеттик ишканасынын жана анын филиалдарынын жооптуу кызматкерлери мазут сатууга адистешкен жеке ишкердик субъекттери менен алдын-ала бүтүм боюнча, "Кыргызтеплоэнерго" мамлекеттик ишканасынын жылуулук менен камсыздоочу ишканаларына мазутту көп көлөмдө жеткирүү боюнча финансылык документтерди жасалма жол менен түзүшкөн. Бул коррупциялык компонент бүткүл республиканын калкын жылуулук менен камсыз кылууга терс таасирин тийгизет. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталды, ал тиешелүү тартипте мамлекетке төлөнүп берилди.

Мындан тышкары, "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын "Кант жылуулук менен камсыздоо ишканасы" филиалында, 2020-2021-жылдардагы күз мезгилинде мазут жеткирүү үчүн документтерди жасалма жол менен каттагандыгы үчүн коррупциялык схема басылды Аталган ишкананын жетекчилиги ЖЧКлардын биринин өкүлү менен келишим түзүп, жасалма жол менен ири көлөмдө мазут каттаган.

Көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМКнын Мамлекеттик тергөө дирекциясы учурда мамлекетке келтирилген зыянды иликтөөдө жана аныктоодо. Мыйзамсыз иштерге катышкан бардык адамдар жоопко тартылат.

УКМКнын пресс-борбору

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх