Пандемия учурунда КРнын Саламаттык сактоо министрлиги бахилаларды 1,5 сомдун ордуна 150 сомдон сатып алган
Өзгөчө оор мезгилде министрлик мамлекетке 5 миллион сом зыян келтирген
Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги текшерүүнүн жыйынтыгында жеке коргонуу каражаттарын сатып алууда бир катар мыйзам бузууларды аныктады.
2020-жылдын 6-майында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин комиссиясы негизсиз, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарды бузуп, жеткирүүчүлөрдүн коммерциялык сунуштарын четке каккандыгы аныкталды. "Ф" ЖЧКсы менен атайын кийим, медициналык кол каптарды жана өтө кымбат баадагы бут кийимдерди жеткирүү үчүн түз келишим түзүүнү сунуш кылган.
Мындан тышкары, коммерциялык сунуштардын шарттарын жана "Ф" ЖЧКсынын келишимин бузуу менен, техникалык шарттын талаптарына жооп бербеген 101 300 түгөй кол кап жеткирилген.
Ошондой эле, келишимде каралган 1,5 сомдук 150000 жуп төмөн бут кийимдердин ордуна, чындыгында, "Ф" ЖЧКсы 1500 даана жогорку бут кийимдерди бирдигине 150 сомдон алып келген.
Ошентип, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчилигинин жана жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 5 175 200 сом өлчөмүндө зыян келтирилген .
Иштин ушул жагдайларын ар тараптуу жана объективдүү изилдөө максатында текшерүүнүн материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320 жана 322-беренелерине ылайык Башкы прокуратуранын КЖБРдин каттоосуна киргизилген.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Фото www