Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сыймык Жапыкеев: Достор, Финпол чын эле жеңилип калабы?!

ЭККМКнын башчысы Жумалиевдин уулдарын соттун бошотконуна нааразы

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) башчысы Сыймык Жапыкеев аталган кызмат Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилет деген имиш-имиштердин арасында Фейсбуктагы баракчасына төмөнкүдөй мазмундагы пост жарыялады.

«Финполду Эл колдойт, Финпол элге иштейт. Жумалиев 100 млн. сом жана Инвестордун 800 мин долларын бир кундо окмотко коём , балдарымды чыгарып Бер дегенинен биз аз андан кобурок болсун деп болбой койсок Первомайский сот чыгарып салды. Бюджетке бир тыйын тологон жок. Балдары камактан чыгып Кетти. Достор, Финпол женилип калабызбы,? Достор кандай кылалык, оюнарды жазгылачы? ", - деп Жапыкеев окурмандарга кайрылды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын башчысы басылмага “Финполду колуңдан тарт! Каржы полициясы депутаттарга жана жогорку даражалуу чиновниктерге гана тоскоолдук кылат ".

 

Эске салсак, Kaktus.media маалымат агенттигинин алдында өз булактарына таянып, жакынкы арада Каржы полициясы жоюлуп, анын милдеттери Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилээрин маалымдаган. Ошол эле учурда Мамлекеттик каттоо кызматы жана "Унаа" мамлекеттик ишканасы дагы Ички иштер министрлигинин түзүмүнө өткөрүлүп берилери айтылды.

Фото www

 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх