Улукбек Марипов: Мындан ары экономикалык жана каржы маселелерин тейлеген бир бөлүм иштейт
Жаңы бөлүмдүн башчысы бир эле учурда вице-премьер-министр кызматын аркалайт
Бүгүн премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер Улукбек Марипов Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин отурумунда Экономика министрлиги менен Каржы министрлигинин бириккенин жарыялады.
Анын айтымында, бул аткарылган функциялардын кайталанышын жоюу максатында жасалууда. Марипов ошондой эле жаңы бирдиктүү бөлүмдүн башчысы вице-премьер-министрдин кызматын айкалыштыра тургандыгын белгиледи.
Эскерте кетсек, бир күн мурун көпчүлүк коалиция премьер-министрдин кызмат ордуна Мариповдун талапкерлигин жактырган. Бүгүн парламент депутаттары өкмөттүн түзүмү жана жаңы курамы боюнча маселелерди карап жатышат.
Фото www