Аламүдүн районунда өзүнүн кызын зордуктоого шектелген адам кармалды
Кыз өзү полицияга кайрылып, атасы аны мурда зордуктагандыгын айткан
Бир күн мурун, 2-февралда Пригородное айылынын 2002-жылы туулган тургуну С.Д., ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, аны зордуктаган атасына чара көрүүнү суранган.
Полиция бул фактыны КР Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (Зордуктоо) боюнча КЖБРдин АСке каттады.
Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө, арыз ээси суралып, ал ушул жылдын 1-февралында саат 17:00 чамасында атасы аны зордуктады деп түшүндүргөн. Кийинчерээк ал окуяны апасына билдирген, эртеси алар полицияга кайрылышкан. Мындан тышкары, арыз ээси биринчи жолу атасы аны 2019-жылы, 17 жашында зордуктагандыгын кошумчалады.
Андан соң, бул кылмышка шектелип 1984-жылы туулган Т.И. кармалган.
Мындан тышкары, милиция кызматкерлери бул адам Россия Федерациясынан январь айынын ортосунда келгенин жана үй-бүлөсү менен көрсөтүлгөн даректе жашагандыгын аныкташкан.
Учурда кармалган адам Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.
Сотко чейинки процесстер уланууда.
Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы
фото www