Жакынкы Чыгыштагы куралдуу кагылышуулар болгон аймакка жөнөтүү үчүн акча чогултуп жүргөн кыргызстандык кармалды
Эл аралык террордук уюмдун шериги камакка алынды
1-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери эл аралык террористтик уюмдардын ишин каржылоо каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жараны А.Н. кармалды
Жакынкы Чыгыштагы куралдуу кагылышуулар болгон аймактарга аларды андан ары жөнөтүү үчүн акча чогултуу менен алектенип келгендиги аныкталды. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
УКМКнын пресс-борбору
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз