Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айыл чарба министрлигинин жаңы жетекчиси Аскарбек Джаныбеков командага тааныштырылды

Улукбек Марипов белгилегендей, министрликтин алдында айыл чарбасын реформалоо жана аймактарды өнүктүрүү боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу боюнча маанилүү милдет турат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министр Аскарбек Жаныбековду тааныштырды.

Өкмөт башчы белгилегендей, министрлик колдогу мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, айыл чарба тармагындагы ишкерлерди колдоого алуу үчүн бардык күч-аракетти жумшоосу зарыл.

"Министрлик алдында айыл чарбаны реформалоо жана аймактарды өнүктүрүү боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу боюнча маанилүү милдет турат, анткени, калктын басымдуу бөлүгү аймактарда жашайт", - деди ал.

Премьер-министр Улукбек Марипов ведомствонун жаңы жетекчисине жана жалпы жамаатка жемиштүү жана ийгиликтүү ишти каалады.

КР Өкмөтүнүн маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх