Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Курсан Асанов дагы деле шаардын убактылуу кармоочу жайында

ИИМ мурдагы орун басары шаардык соттун чечимин күтүп жатат

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов дагы деле болсо борбор калаадагы убактылуу кармоочу жайда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, генерал Асанов качан СИЗО-1ге которулаары белгисиз.

-Биз шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылдык, ал жакта кароо азырынча дайындала элек, - деп түшүндүрдү Токтакунова. - Шаардык соттун чечиминен кийин биринчи инстанциянын чечими күчүндө калса, ал которулат.

Алардын өз булактарынын билдиришинче Асанов убактылуу кармоочу жайда отурат.

Гулиза Чудубаева

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх