Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков экс-президент статусунан ажыратылсын. Бишкекте активисттер кол топтой баштады

Каалоочулар Илбирс имаратында бул демилгени колдой алышат

Кыргызстандыктардын тобу Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековду экс-президент статусунан ажыратуу үчүн кол топтой баштады. Бул тууралуу блоггер Чыңгыз Капаров Facebook баракчасына жазды.

Ага ылайык, кол койгусу келгендер Илбирс имаратына саат 10: 00дөн 18: 00гө чейин келиши керек.

«Бул демилгени колдоого даяр болгон бардык кыргызстандыктарды биргелешип иштөөгө чакырабыз. [..] Эгерде Кыргызстандын чегинен тышкары жакта жүргөн мигранттар, ошондой эле өлкөнүн ичиндеги алыскы региондордун тургундары жардам берүүнү каалашса, аларга электрондук кол тамга формасы дагы берилет », - деп жазган ал.

Эске салсак, 3-февралда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына укук коргоо кызматкерлери Сооронбай Жээнбековду экс-президент статусунан ажыратуу жол-жобосун демилгелеп жаткандыгы жөнүндө өтүнүч менен кайрылган.

Учурда Жээнбеков аялы менен Сауд Аравиясында. Экс-мамлекет башчы чакан ажылык сапарга барууну пландап, андан соң Бишкекке кайтып келет.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх