Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Зулушев: Жээнбеков менен болгон телефон сүйлөшүүсүн жаздыруудагы угулган үн менин үнүм эмес

Башкы прокурор сенсациялуу видеодогу үн депутатка таандык экендигин айтты

Бүгүнкү басма сөз жыйынында Башкы прокурор Курманул Зулушев Vesti.kgнин кабарчынын суроосуна жооп берип жатып, Сооронбай Жээнбеков менен Октябрь окуясы учурунда жаздырылган жана жарыяланган телефондук сүйлөшүүдө анын үнү эмес, экенин ишендирди.

-Чындыгында эле телефон аркылуу сүйлөшүү болду, - деди Зулушев. - Ошол жерде бир саясатчы кайсы бир депутат менен сүйлөштү. Бирок ал мен эмес элем. Кийинчерээк, ал үн кимге таандык экендигин баары билишкен. Бул азыркы депутат. Атын атабайм. Менин билишимче, бул факт боюнча тергөө иштери али жүргүзүлө элек.

Ошол эле учурда Зулушев Кой-Таш окуясында Атамбаевдин жеке дарыгери УКМКнын "Альфа" атайын отряды тарабынан ур-токмокко алынгандыгын эске аларын билдирди. Ошол окуялар боюнча 1000ден ашуун фактылар бар.

Соронбай Жээнбековдун сүйлөшүүсү жазылган аудио жазуу жарыялангандан кийин социалдык тармактарда учурдагы президенттин маектеши Курманкул Зулушев болгон деген версия пайда болгонун айта кетсек. 

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх