Азиз Алымкулов Бишкек шаарынын вице-мэри кызматынан бошотулду
Ал башка жумушка которулат
Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу, "Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесине ылайык, Азиз Алымкулов борбордун вице-мэри кызматынан бошотулду.
Тиешелүү буйрукка шаардык мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.
Бишкек шаардык мэриясы
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз