Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров сүрөтүн мамлекеттик мекемелердин кеңселерине илбөөнү сунуштайт

Президент учурда жарандардын жашоосунун сапатын жакшыртуу боюнча эч нерсе жасай элекмин деп эсептейт

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз-катчысы Галина Байтерек Мамлекет башчысынын сүрөтүн илүү маселеси боюнча комментарий берди.

Ал баардыгы кабинеттерге, мамлекеттик мекемелердин имараттарына элдин биримдигин жана мамлекеттик бийликти туюнтуу максатында өлкө Президентинин портретин илип алганга көнүп калышкандыгын белгиледи.

«Президент Садыр Жапаров „жарандарыбыздын турмушун жакшыртуу жаатында азырынча эч нерсе жасай элекмин“ деп эсептейт. Андыктан, ал мамлекеттик бийликтин бардык органдарына анын портретин кабинеттерге жана административдик имараттарга илбөөнү сунуштайт. Президент Садыр Жапаровдун пикиринде, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөгө жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошкон Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков сыяктуу көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин сүрөттөрүн илүү максатка ылайык келет», — деп белгилейт Галина Байтерек.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх