Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Элит Хаус" компаниясынын мыйзамсыз тургузулган объектилерин бузуу боюнча дооматтар берилди

УКМКнын маалыматы боюнча, буга чейин мыйзамсыз имараттар коммуналдык кызматтардан ажыратылган

Мурда маалымдалгандай, УКМКнын АКСи архитектуралык-курулуш көзөмөлү жаатындагы туруктуу коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында көп кабаттуу үйлөрдү тиешелүү шаар куруу жана уруксат берүүчү документтерсиз куруунун системалуу фактыларын аныктады.

УКМКнын басма сөз борбору билдиргендей, учурда сотко чейинки процесстин алкагында тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына юридикалык баа берилет жана курулуш компаниясынын өкүлдөрү катышты.

«Сотко чейинки процесстин алкагында, мыйзамсыз тургузулган объектилер инженердик түйүндөрдөн ажыратылып, ошондуктан курулуш иштери убактылуу токтотулган. Мындан тышкары, мыйзамдарга ылайык, мыйзамсыз тургузулган объектилерди бузуу, ошондой эле Бишкек шаарында мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компанияларга курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү укугуна берилген лицензияларды жокко чыгаруу боюнча сот органдарында тиешелүү доо арыздар козголгон ”деп билдирди УКМК.

Эскерте кетсек, буга чейин сөз Elit House курулуш компаниясы жөнүндө болуп жатканы белгилүү болгон.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх