Кытай Кыргызстан менен чек арадагы өткөрүү пунктун убактылуу жабат
Жаңы- жылын майрамдоого байланыштуу иш-чаралар киргизилүүдө
Кытай тараптын демилгеси менен, Жаңы жыл майрамын белгилөөгө байланыштуу, мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай бөлүгүндө жайгашкан Торугарт-Авто жол жана Иркештам-Авто жолөткөрүү пункттары убактылуу жабылат.
"Торугарт-Авто жол" өткөрүү пункту 2021-жылдын 11-февралынан тарта убактылуу жабылат. "Торугарт-Авто жол" өткөрүү пунктунан унаалар менен жүктөрдү өткөрүү 2021-жылдын 15-февралынан тарта улантылат.
"Иркештам-Авто жол" өткөрүү пункту 2021-жылдын 12-февралынан тартып убактылуу жабылып, 2021-жылдын 16-февралынан тарта иштей баштайт.
Торугарт - Авто жол жана Иркештам - Авто жол көзөмөл-өткөрүү пункттары Кытайдан Кыргызстанга товар ташууну гана камсыз кылган атайын алгоритм боюнча иштей тургандыгын эсиңиздерге салабыз.
КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү
Сүрөт www