Дастан Бекешев жергиликтүү кеңештерге шайлоодо форма №2ни жокко чыгарууга чакырат
Болбосо депутаттын айтымында шайлоочуларды шайлоо участокторуна жеткирүү кайрадан башталат
Депутат Дастан Бекешев жергиликтүү кеңештерге шайлоодо форма №2 боюнча добуш берүүнү жокко чыгарууну сунуштоодо. Бул тууралуу ал пленардык жыйында билдирди.
- Мен бул маселени мурун эле көтөрүп чыккам, - деп белгиледи Бекешев. - Эгерде биз бул норманы белгилебесек, шайлоо участкаларына эл көп алынып келинет.
Парламент төрагасы Талант Мамытов парламентарийден кат түрүндө кайрылууну суранды.
Эске салсак, буга чейин форма №2 шайлоочулар жашаган жеринде гана эмес, каалаган ыңгайлуу участкасында добуш берүү үчүн колдонулган. Парламенттик шайлоодон кийин жараксыз деп табылып, бул жобо жокко чыгарылды. БШКнын маалыматы боюнча, добуштарды сатып алуу үчүн форма №2 колдонулган. Президенттик шайлоодо добуш берүү ордун өзгөртүү мүмкүн эмес эле. Бирок, бул эреже дагы деле болсо жергиликтүү шайлоолорго тиешелүү.
Вероника Малышева
Фото www