Бишкек шаарынын жаңы мэринин милдетин аткаруучу биринчи кезекте "Мекенчил" партиясынын мүчөлөрү менен жолугушту
Бактыбек Кудайбергенов 5-6-октябрь окуяларында айтылган маселелерди жана элдин талаптарын аткаруу алгоритмин талкуулады
Бишкек шаарынын жаңы мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов толугу менен ишке киришти. Ал "Мекенчил" партиясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуялар учурунда айтылган суроолорду жана элдин талаптарын аткаруу алгоритмин талкуулады.
Ошондой эле, иштеп жаткан турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзам чегинде легалдаштыруу боюнча куруучулардын штабынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Эске салсак, бүгүн 10-февралда борбор калаанын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу болуп Бактыбек Кудайбергенов дайындалган .
Бишкек шаардык мэриясы
Фото www