Алмамбет Шыкмаматов инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин башчысы болду
Тиешелүү буйрукка бүгүн премьер-министр кол койду
Экс-парламенттин депутаты Алмамбет Шыкмаматов инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигин жетектеген. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өзү билдирди.
Тиешелүү буйрукка бүгүн премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Эске салсак, буга чейин Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын лидери болгон.
Медина Купсулдаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз