Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте түн ортосунда дүкөнгө тоноочу кирип, бирок полиция келгенге чейин жашынып үлгүрбөй калган (сүрөт)

Жигит билдирүүнүн (сигнализациянын) жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ыкчам аракетинин натыйжасында кармалган

2021-жылдын 9-февралында саат 01:09 Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаардык Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн кайтаруусунда турган Матросова көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн биринен коогалаң белгиси Борбордук көзөмөл түйүнүнө келип түшкөн. Бөлүмдүн 1-взводунун №353 кармоо тобунун кызматкерлери кармоо тобунун взвод командиринин орун басары милициянын прапорщиги Ишен уулу Кубанычбек, милиционер автоматчик милициянын старшинасы Эсенкул уулу Арслан, милиционер айдоочу милициянын прапорщиги Кумарбеков Улукбек 4 мүнөттүн ичинде чакыруу келген жерге жетишкен. Барган учурда дүкөндүн темир эшиги ийилип жана кулпусунун ичинде зым тыгылып турганын байкашып, дароо бөлүмдүн нөөмөт бөлүмүнө билдирип, дүкөндү көздөй баратканда ичинен азият улутундагы жашы 20-23 жаштагы жигит качууга аракет жасаган, ошол заматта Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн №353 кармоо тобунун кызматкерлери чуркап барып, качырбай кармап калышкан. Кармалган жаранга шек санап сырттан текшерүү жүргүзгөн учурда чөнтөгүнөн темир кескен араа жана машина оңдоочу ачкыч (разводной ключ) бар болуп чыкты. Жыйынтыгында мекеменин ээсин чакырып айланасын, ичи сыртын карап текшерип, Күзөт кызматынын Борбордук көзөмөл түйүнүнө тапшырылган. Кылмыш изи сууй электе кармалган 2002-жылы туулган жаран уурдоого аракет жасоо фактысы менен биз тараптан тиешелүү иш кагаздары жазылып, Октябрь РИИБнин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы

Фото ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх