Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Талас облусунун Сот департаментинин башчысына пара берип жаткан жеринен ишкерди кармады (сүрөт)

Жаран сатылып алынган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн 50 миң сомго ашыкча баасын жашырууну пландаштырган

Мындан бир күн мурун, 10-февралда УКМКнын АКС кызматкерлери "Э.Р.А." аттуу жаранды пара менен кармаган. Акчанын бир бөлүгүн Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын башчысынын кеңсесиндеги кызмат адамына бергендиги үчүн.

 

Кармалган адам сатылып алынган товарларга (автоунаа тетиктери) жогорулатылган бааларды жашыруу жана автоунааларды оңдоо боюнча кызмат көрсөтүү максатында Талас облусунун Сот департаментинин башчысына пара катары 50 миң сом сунуштаганы аныкталды.

 

Бул факт боюнча, сотко чейинки процесстин материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмү (Пара берүү) мененКЖБРдин АСке катталды.

Кармалган адам Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМКнын пресс-борбору
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх